Бишкекте 53 жаштагы аял жаңы жылда үч эм төрөдү

© Sputnik / Леся Полякова / Медиабанкка өтүүЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарык дүйнөгө келген үч эмдин экөөсү эркек бала, бирөөсү кыз.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы жеке клиникалардын биринде 31-декабрда 53 жаштагы аял үч эм төрөдү. Бул тууралуу жеке клиниканын жетекчиси Гүлнара Асымбекова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"31-декабрда биздин клиникада 53 жаштагы аял көз жарып, үч эмди жарык дүйнөгө алып келди. Азыр балдардын жана эненин абалы жакшы", — деди ал.

Сариев алты миллионунчу Айлиндин ата-энесине үйдүн ачкычын тапшырды
Асымбекованын айтымында, жарык дүйнөгө келген үч эмдин экөө эркек, бирөө кыз. Биринчи жарыкка келген эркек баланын салмагы 1 килограмм 530 грамм, кыздын салмагы 1 килограмм 370 грамм жана дагы бир эркек баланын салмагы 1 килограмм 410 граммды түзөт.

Асымбекова анын тажрыйбасында 45, 47 жаштагы аялдар да көз жарган учурлар болгон, бирок, 53 жаштагы аялдын төрөшү биринчи болуп жатканын айтат.

"Медициналык жактан аялдар үчүн балалуу болуу жашы 35 жашка чейин деп айтылат. Бирок, бул жаштан кийин такыр эле төрөгөнгө болбойт деген тыюу салуу жок. Биз 40 жаштан өткөн аялдардын да төрөтүн кабыл алган учурлар болот", — дейт ал.

Белгилей кетсек, ноябрь айында Кыргызстандыктардын саны 6 миллионго жеткен. Алты миллионунчу жаран Ош шаарынын тургуну Алмазбек Кожошевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0