Пенсияларды таратуу менен почта быйыл 300 миллион сомго жакын акча табат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүПенсия алып жаткан кары адам. Архив
Пенсия алып жаткан кары адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Пенсиялык фонддун жалпы чыгымы 39 миллиард сомду түзөт. Пенсия жана жөлөк пулдары таратуу менен почта менен банктар дээрлик 355 миллион сом иштеп табат.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Пенсияларды таратуу менен Кыргызстандын почта системасы 300 миллион сомго жакын акча табат. Бул тууралуу " Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам долбоорунда айтылат.

Человек с ребенком. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Сариев: жөлөк пул алууга татыксыздардын саны жыл сайын 20 миңге кыскартылып жатат
2016-жылы пенсияларды жеткирип жана чектөө үчүн 354,7 миллион сом коротуу пландалууда. Анын ичинен бланктарды даярдоого жана пенсияны таратуу үчүн кеткен транспорттук чыгымга 8,5 миллион сом кетери айтылууда.

Пенсияларды жана жөлөк пулдарды таратып берүү кызматы үчүн "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасына 295 миллион 151 миң сом төлөнсө, коммерциялык банктарга 51 миллион сом которулары мыйзам долбоорунда белгиленген.

Пенсиялык фонддун пенсия жана каза болгондон кийин берилчү чыгымдары 39 миллиард сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0