Сариев Жумгалдын жер титирөөдөн кийинки абалын көрөт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЖер титирөөдөн жабыркаган үй. Архив
Жер титирөөдөн жабыркаган үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-декабрда Жумгал районунда болгон зилзаладан Миң-Куш айылында 24 турак жай жабыркап, анын 10унда жашоого мүмкүн болбой калган.

БИШКЕК, 6-янв. – Sputnik. Премьер-министр Темир Сариевдин бүгүн, 6-январда Нарын облусунун Жумгал районуна иш сапары башталганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөөдөн жабыркаган үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мындан 105 жыл мурда Чоң-Кеминде 11 баллдык жер титиреп, 452 киши каза болгон
Иш сапардын жүрүшүндө Сариев Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы өткөн жылдын 7-декабрында болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштери жана аталган айылдагы уран калдыктарын сактоочу жайдын абалы менен таанышат.

Ошондой эле Чаек айылындагы былтыркы жылы жүргүзүлгөн жол куруу иштеринин жыйынтыктары жана 2016-жылга коюлган милдеттер боюнча көчмө жыйын өткөрөт. 

Өкмөт башчы муну менен катар райондогу социалдык объектилер менен таанышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0