Акыйкатчы балдарга жасалган зомбулук боюнча кылмыш иштерди изилдейт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүӨспүрүм баладар. Архив
Өспүрүм баладар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара мэрияга караштуу балдарга жардам берүүчү борбор жана ЮНИСЕФтин көмөгү менен ишке ашмакчы.

БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Акыйкатчы институту балдарга жасалган зордук-зомбулук боюнча козголгон кылмыш иштерин изилдеп чыгат. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Өспүрүм бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
2015-жылы чоңдордун колунан 16 баланын өмүрү кыйылган
Маалыматка ылайык, иш-чара мэриянын "Зордук-зомбулуктан жапа чеккен балдарга жардам берүү" борбору жана ЮНИСЕФ менен биргеликте өтмөкчү.

Изилдөөнүн жүрүшүндө кылмыш иштеринин материалдары иликтенип, балдарга социалдык, психологиялык жана юридикалык жактан жардам көрсөтүшөт. Мындан тышкары, балдарга карата жасалган кылмыштын себептери, ошондой эле аларга жардам берүүгө тоскоолдук жараткан факторлор изилденет. 

Иш-чаранын жыйынтыгы менен зомбулуктун курмандыгы болгон балдарды коргоонун механизмдерин жакшыртуу ыкмалары иштелип чыга турганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0