04:26 22 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Учуп жаткан учак. Архив

Чучук чуусунун башкы каарманы таңкы жетиде Кыргызстандан учуп кетти

© Sputnik / Максим Блинов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Чучук чуусу — чүйгүн тамактан чүйрүттөгөндөр (8)
25310

Чучуктан улам чыккан чуу соңуна чыгып бара жатат. Чүйгүн тамакты жылкынын жыныстык мүчөсүнө теңеген Майкл Макфит Кыргызстандан бүгүн эртең менен учуп кетти.

БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Улуу Британиянын жараны, чучук чуусунун башкы каарманы болгон Майкл Макфит таңкы саат жетиде Кыргызстандын аймагынан учуп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Макфит миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн депортацияланган. Текшерүү маалында анын тийиштүү документтери жок экени аныкталган.

"Бүгүн эртең мененки саат жетиде Макфит Стамбул аркылуу Улуу Британияга учуп кетти", — деп айтылат билдирүүдө. 

Чет элдик жаран "Манас" аба майданына укук коргоо орган кызматкерлеринин коштоосунда жеткирилген.

Узап кеткен жылдын 30-декабрында алтын кен ишканасынын кызматкери Майкл Макфит социалдык тармакка комбинаттын тамак-аш столунда отурган сүрөтүн жарыялап, аны коштогон кыргыздын улуттук тамак-ашынын бири — жылкынын чучугун аттын жыныстык мүчөсү деп жазган. 

Бул постун Макфит социалдык тармактарда бир топ ызы-чуу жаралгандан кийин өчүрүп, кечирим суроого аргасыз болгон. Аны укук коргоо кызматкерлери "Манас" аба майданынан кармашкан.

Ал арада Макфиттин ата-энеси уулу улуттук тамак жөнүндө оюнда эч арамы жок эле айтып койгону тууралуу билдирүү таратты.

Тема:
Чучук чуусу — чүйгүн тамактан чүйрүттөгөндөр (8)

Тема боюнча

Чучук чуусу: Макфиттин ата-энеси билдирүү таратты
Чучук чуусу: чүйгүн тамактан мурдун чүйрүгөн чет элдик жаран депортацияланат
Белгилер:
чучук, депортация, Майкл Макфит, Улуу Британия

ЭҢ МААНИЛҮҮ