Жогорку сотту 15 жыл башкарган Зулумбек Жамашев каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековГүл коюп жаткан адамдар. Архив
Гүл коюп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку соттун төрагасынын азыркы орун басары Феруза Жамашеванын атасы Зулумбек Жамашев 92 жаш курагында көз жумду.

БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи, Жогорку сотто 15 жыл төрага болуп турган Зулумбек Жамашев 92 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу маалымат Жогорку соттун сайтына жайгаштырылган.

Ала-Тоо аянтында Турдакун Усубалиев менен коштошуу церемониясында. Архив - Sputnik Кыргызстан
2015-жылы Кыргызстанды кайгыртып, дүйнө салган атактуу инсандар
Зулумбек Жамашев 1924-жылдын 15-февралында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Көл айылында жарыкка келген. Эмгек жолун райондук сотто катчылыктан, сот аткаруучудан баштаган. Андан кийин Ленин районунун соту, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы, Ош облустук сот төрагасынын орун басары болуп эмгектенип, 1974-жылы Жогорку соттун төрагалыгына шайланган. 

"Ардак белгиси" жана башка өкмөттүк наамдардын ээси Жогорку соттун төрагасынын орун басары Феруза Жамашеванын атасы болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0