Кыргызстанда окуучулардын билими эл аралык программа менен бааланат

© пресс-служба министерства образования и науки КРМектеп окуучулары. Архив
Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлиги эл аралык уюмдар менен биргеликте окуучулардын билимин баалоочу ыкмаларды иштеп чыгууда.

БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын жетишкендигин баалоо системасын жакшыртуучу эл аралык программага катышып жатканын аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлик аталган программага ЮНЕСКО жана Brookings институту менен биргеликте катышууда. Мында Кыргызстан 112 мамлекеттин 15инин катарында туруп, бул өлкөлөр Learning Champions деп аталууда.

"Программа маданият, искусство, сабаттуулук, коммуникация, математика жана технология тармагын камтыйт", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик окутуу ыкмаларын анализдөө куралдары өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0