Акыйкатчы Оторбаевге эмгек жамааты айлык акынын аздыгын айтып даттанышты

Жазылуу
Маянадан тышкары, кызматкерлер керектүү техниканын жетишсиздигин, материалдык базанын начардыгын айтышты.

БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Кубат Оторбаевге айлык акынын аздыгын жана материалдык-техникалык базанын начардыгын айтып даттанышты. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, акыйкатчы Оторбаев институттун бөлүм жетекчилери менен жыйын өткөрүп, 2016-жылы жасала турган иш-аракеттер менен тааныштырды.

2015-жыл жыйынтыгы: шайлоо, дипломатия жана мамилелер жаатындагы изденүүлөр
Кызматкерлер негизги көйгөй катары маянанын аздыгын жана тийиштүү техниканын жетишсиздигин аташты.

Бардык дооматтарды уккан Оторбаев кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүүгө болгон аракетин жумшай турганын белгиледи. Мындан тышкары, акыйкатчы балдарга карата зордук-зомбулук жана көп жылдан бери соттун чечимин күтүп камакта отурган жарандардын маселесине көбүрөөк көңүл бурууга чакырды. 

Оторбаев кызматкерлерден темирдей тартипти талап кылып, 2015-жылга карата акыйкатчынын отчетун даярдоону тапшырды. 

Жетекчи акыйкатчы кызматынын маанилүүлүгүн жакшы түшүнөрүн, биргеликте иш алып баруу менен аталган институт парламенттик көзөмөлдүн чыныгы куралына айланарына ишеним артты.

Жаңылыктар түрмөгү
0