Муз аянтын жасаган Молдокмат, уланган шерине жана зуулдаган бөбөктөр

© предоставлено Молдокматом ТаалайбековымМуз аянт ачкан Ак-Талаа районундагы Коңорчок айылынын тургуну Молдокмат Таалайбеков.
Муз аянт ачкан Ак-Талаа районундагы Коңорчок айылынын тургуну Молдокмат Таалайбеков. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак-Талаа районундагы Коңорчок айылынын 23 жаштагы тургуну бүгүн аймактагы экинчи муз аянтчасын ачып, образдуу айтканда "балдардын сообуна" калып жатат.

Адегенде коньки деген эмне деп сураган бөбөктөр азыр, зуулдатып муз үстүндө жүрүшөт.

Sputnik Кыргызстан ак-талаалыктарды конькиге тургузган Молдокмат Таалайбековду кепке тартты.

— Молдокмат, ушуну менен экинчи муз аянтчасын ачыптырсыз?

— Ооба, анын жалпы аянты 450 чарчы метрди ээлейт. Кош-дөбөлүктөр үчүн бүгүн жакшы окуя болду, балдар өзгөчө сүйүнүп жатат. Бул менин кошуна айылым, ага чейин өзүм туулган Коңорчокко ачканмын. Анын үстүнө азыр балдар каникулда эмеспи. Бир эле учурда 25 киши жылгаяк тебе алат. Баасы 30-50 сомдун тегерегинде. 

© предоставлено Молдокматом ТаалайбековымБир эле учурда 25 киши жылгаяк тебе алат. Баасы 30-50 сомдун тегерегинде.
Житель села Коңорчок открыл ледовый каток - Sputnik Кыргызстан
Бир эле учурда 25 киши жылгаяк тебе алат. Баасы 30-50 сомдун тегерегинде.

— Азыр муз аянтчалары шаарда эле болбосо, элетте сейрек кездешет. Буга эмне түрткү болду?

— Балдардын кышында көңүл ачып, эс ала турган жайлардын жоктугу мени ушул ишке түрттү. Кичинекей кезде эс алууга кызыктуу жердин жок болушу абдан өкүндүрчү. Анан чоңойсом ушуну кылам дечүмүн. Кийин шаардан муз тээп жүрүп, жасаса болот экен деген ой келди.

— Шаарда өзүнүн жол-жоболору бар, атайын техника колдонулат. Сиз кандай кылып жасайсыз?

Чоң-Кеминде элдин жана туристтердин көңүлүн буруу үчүн "Кетмен эстелик" коюлду
— Музду кол менен куюп чыгам. Гидротехникалык курулуш боюнча адисмин, андыктан түздүктүн деңгээли, рельеф боюнча түшүнүгүм бар да. Нарында суук катуу болот эмеспи. Биздин айылдын шартында түнкү суукту колдонуп иштеп калыш керек, себеби бул учурда муз жакшы тоңуп, сапаттуу болот. Түндө иш кызыганда аянттын ар бир бурчуна прожектор коюп иштей берем. 16-18 сааттап иштеп, алты саат уктайм, айтор, түйшүгү бир топ эле. 

— Жылгаякты тебебиз деген балдар абдан кубанган чыгар да? 

— Жалтыраган тунук музду көргөндө муну эмне менен тебебиз деген суроолор болгон. Коньки десең, бөбөктөр "ал эмне" деп сурашчу. Азыр кадыресе өздөштүрүп, зуулдатып тээп калышты. Ал тургай өнөрүн көрсөтүп, алдыга, артка жана капталдап тебишет. Музду көркөмдөп тебүүнүн элементтерин байкаса болот. Ал тургай кээде конькилерди сындап да калышат.

— Чоңдор да келеби?

— Чоңдор кызыгат, бирок, массалык түрдө эмес. Ал эми 80-жылдан кийин төрөлгөндөр зуулдатат. Айыл жергесинде кышында шерине уюштуруп алышат да, анын аягы анан "Көк жылгаякта" уланат. Жаңы жыл тосуу үчүн студенттер айылга келишет. Андан сырткары классташтар чогулуп алып өздөрүнчө тээп кетишет.

© предоставлено Молдокматом ТаалайбековымАйыл жергесинде кышында шерине уюштуруп алышат да, анын аягы анан "Көк жылгаякта" уланат.
Житель села Коңорчок открыл ледовый каток - Sputnik Кыргызстан
Айыл жергесинде кышында шерине уюштуруп алышат да, анын аягы анан "Көк жылгаякта" уланат.

— Балдарды ата-энеси мектептен эмес, муздан издеп калган учурлар болобу?

— Жок, мектеп жетекчилиги менен сүйлөшкөнбүз, сабак учурунда музга киргизмей жок. Окуудан чыккандан кийин башка кеп. Мектеп жетекчилиги менен сүйлөшүп, муз үстүндө дене тарбия сабагын өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Балдар эстафета кылып, эки командага бөлүнүп, андан кийин "А" жана "Б" класс кылып ойнотуп, кызыктуу болот экен. Акырындап, балдарды муз тебүү маданиятына тартып жатабыз. Суук спорт залда отургандан көрө, муз үстүндө тердеп-тепчип жүргөн жакшы эмеспи. 

— Бул иштен киреше табасызбы?

— Кандай десем, укмуштуу пайда таап жиберем дегенден алысмын, бирок, өзүн-өзү жабат. Маселен, конькилерди Бишкек шаарындагы "Дордой" базарына барып сатып келем. Азыр доллардын курсу өсүп, конькинин баасы 21 долларга чыгып кетти… Максатым — балдардын коньки тебүүгө болгон кызыгуусун ойготуу жана аны алардын турмушуна киргизүү. Кудай буюрса, бул маданият акырындап калыптанып келе жатат.

Кыргызстандын белгилүү муз айдыңдары тууралуу Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0