Сариев: Көчмөндөр оюндары өтүүчү 10 миң кишилик ипподром августта бүтүшү керек

Жазылуу
Жай мезгилинин соңунда Ысык-Көлдө II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ал үчүн атайы Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромду 10 миң кишиге ылайыкташтыруу, конференц-зал, терраса, 40 кишилик VIP-трибуна жана унаа токтоочу жай куруу пландаштырылган.

БИШКЕК, 4-янв. – Sputnik. Күзгө жуук өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Бактуу-Долоноту айылындагы ипподром 15-августка чейин бүткөрүлүшү керек экенин премьер-министри Темир Сариев жумушчу жыйында билдирди.

Анын айтымында, Көчмөндөр оюндарын өткөрүү Кыргызстан үчүн абдан маанилүү жана ага карата даярдыкты жогорку деңгээлде жүргүзүү зарыл.

Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карай 10 кадам
Өкмөт алдындагы Курулуш, архитектура, турак-жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин директору Турдубек Мамбетовдун маалыматы боюнча, учурда ипподромду реконструкциялоо планы бүткөрүлүп, тиешелүү иштерди баштоого даярдыктар көрүлүүдө.

Жаңы долбоорго ылайык, ипподромду 10 миң кɵрɵрманга ылайыкташтыруу, анын алкагында конференц-зал, терраса, 40 кишилик VIP-трибуна жана унаа токтоочу жай куруу каралган.

Премьер-министр ипподромдун курулушун быйылкы жылдын 15-августуна чейин бүткөрүү тапшырмасын койду.

Ошондой эле жыйын жүрүшүндө Бишкек — Манас аэропорту, Балыкчы — Чолпон-Ата —Корумду жолунун жана Тамчы аэропортун оңдоонун жүрүшү тууралуу маалыматтар угулду.

Өкмөт башчы тиешелүү мекеме жетекчилерине Тамчы аэропортунда жарык берүүчү жабдыктарды орнотууну тезирээк бүткөрүүнү милдеттендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0