Айылга кат. Кермек сүйлөп ыр айткан, кер какшыгын кылайткан Чоңколорум аманбы?

© Фото / из личного архива Элмирбека ИманалиеваТөкмө акын Элмирбек Иманалиев сценада. Архив
Төкмө акын Элмирбек Иманалиев сценада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтогулда Чоңко деген атактуу айыл бар. Эли ооз ачса тилинен курч, куйкум сөздөр куюлуп турат. Андан көптөр сестенип турат. Бу жолу атагы алыска кеткен төкмө акын Элмирбек Иманалиев киндик каны тамган жери Чоңко айылына кат жазды.

Кат жазуу деген менин бала чагыма таандык түшүнүк. Мен бала кезде алыстардан сыртына көптөгөн мөөрлөр басылган конверттерде каттар келерин билчүмүн. Анан биз дагы конверттин кооздорун тандап аны шилемейлеп сууулап чаптап, жооп жөнөтүп почтого жөнөөр элек. Барак башында бадырайган "Сагынычтуу салам кат" деген темасы болор эле. 

Мен бүгүн туулган айылымды эле эмес, кат жазуунун өзүн да сагындым. Ошондуктан азыр да мен катты жазаар алдында башына: 

© Фото / из личного архива Элмирбека ИманалиеваИнтервью с акыном Элмирбеком Иманалиевым
Интервью с акыном Элмирбеком Иманалиевым - Sputnik Кыргызстан
Интервью с акыном Элмирбеком Иманалиевым

САГЫНЫЧТУУ САЛАМ КАТ

деп жазып алгым келет. Оо… МЕНИН КЕРЕМЕТТҮҮ, КАСИЕТТҮҮ АЙЫЛЫМ! Сени ойлогондо мен төрөлгөн үйдөн отуз кадам арытан кийин эле башталган, эрте жаздан кеч күзгө чейин жашыл өңүнөн жазбаган бийик тоолор, сай ылдый кеткен асфальт дегенди жаралгандан көрбөгөн чаң жол көз алдыма келет. Мен ошол жолдун боюндагы таштарда канча олтурдум.

Чырайыңа чыланып,
Чөккүм келет, айылым!

Чымчыгың чымчып "муйдунан"
Өпкүм келет, айылым! 

© Элмирбек ИманалиевИнтервью с акыном Элмирбеком Иманалиевым
Интервью с акыном Элмирбеком Иманалиевым - Sputnik Кыргызстан
Интервью с акыном Элмирбеком Иманалиевым

Бизге кичинебизде ата-энебиз "улуулар менен амандашып жүргүлө" деп салам айтканды үйрөтөр эле. Улуу адамды көргөндө таанысаң-тааныбасаң да салам айтуу милдет деп айтышчу. Мага айрыкча карыялар менен амандашуу жага турган. Алар саламды өзгөчө сүйүнүч менен алик алып «кимдин уулусуң?" – деп кайрылганда "Калилдин" деп көтөрүңкү үн менен жооп кылганымды атам үчүн да чоң кызмат өтөп жаткандай сезер элем. "Оп, бали, адам болот деген ушул, өркөнүң өссүн, атаңа рахмат!" — деп менин бир ооз саламыма бир кыйла алкыш айтып басып кеткен карыяларды артынан узата карап көпкө турчумун. Ошол учурда менде "булар саламды неге мынча жакшы көрөт" деген ой болбой койчу эмес. Кээде атайын эле жолдун боюна олтуруп алып аларды күтчүмүн. Ошол эле жолдордун боюна кийин да барып көп олтурдум, бирок баягы карыялардын көбү өткөн жок.

Жайлоодо чуркап бараткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айылга кат. Кышында үйгө жем издеп келген кыргоолдор. Каныбек Иманалиевдин каты
Мен соңку жолу барганда сенден жаңы өзгөчөлүктү көрдүм, ЫЙЫК АЙЫЛЫМ. Бир кезде спорттук оюндарды, айрыкча топту катыра ойногон шайдоот жаштыгы боюна сыйбаган жапжаш агаларымдын бири Сардалбек акебиз аксакал болуп калыптыр. Басышы, сүйлөшү, баары мен кичине бала кезимдеги Саяз, Саамал аталарга, өзүмдүн атам Калилге окшойт. Ушул катымда сизге да ысык салам жолдогум келет, Сардал аке!

Мен кичинекей кезимде сен да кичинекей элең, КЫМБАТЫМ АЙЫЛЫМ. Анда-санда жерде бир-экиден эле тамдар бар эле. Мен да курсагымды чедирейтип жылаңач элем, сен да жылаңач элең. А азырчы?.. Азыр чоңсуң, бири-бирин кучакташкан короолор, тамдар көп, дүпүйгөн тал-теректериң көп. Өзгөчө теректериң менен акталдарың жыш. Жапжашылсың. Бирин-экин жол боюндагы үйлөрдүн дүкөндөрү бар. Алардын бири Мурат акеники. Ал дүкөнүңдүн көзү жолду карап тургандыр, ээ? Төрөбай акем жүрөбү, боорду эзип?.. 

Мен барганда эң алды менен тиштерин кашкайта күлүп, күчтүү кучактары менен далымды кабыштыра кысып тосуп алышкан Чыпың акем менен Айдарбек акем саламат жүрүшөбү? 

Күн батыш тарабыңда кырда көрүстөн. Сарке абамдын мазары. Аттиң чиркин, ал жер кимдерди гана кучактап жаткан жок. Мен 12 жашымда эле өзүмдүн атам Калилди кучактап алды… Жакында эле ак сүтүңдөн айланайын апам Айтбүнү да… 

Сарке баатырды, Ажыбек, Канай, Кара баатырлар, кадимки залкар актаңдай алтан акын Токтогулдун курдашы, ырчынын тул карасы аталган Эшмамбет акын таятам жатат ал жерде.

Куу шыбак жатат, кум жатат.
Кубарган бейит, чым жатат.

Кумсарган дөбө астында –
Куюлган нөшөр ыр жатат!

Этектен күкүк үн катат.
Ээн дөбө, шагыл, кум жатат.

Эрбейген шыбак алдында
Эшмамбет деген пир жатат!

Ар күнү алып мазаны,
Арбытып муңду, азаны,
Ак жааны төгүп бышактап,
Алптарды жатат кучактап,
Айтылуу Ак-Жар мазары.

КЕРЕМЕТТҮҮ АЙЫЛЫМ! Сен куйкум сөздүн, көркөм ойдун кенчисиң! Сени бүткүл кыргыз Чоңко деп билет. Элиңди куйкум сөздүү, мурч тилдүү чоңколор деп таанышат, чоочушат, сыйлашат. Кермек сүйлөп ыр айтып, кер какшыгын кылайтым чоңколорум сак- саламат жүрүшөбү. Мен силер менен сыймыктанам!

Ушул жерден улуу устатым Тууганбай Абдиевдин бир айтып бергени эсимде. Союз убагында филармониянын өнөрпоздорун өз-өзүнчө топко бөлүп, айыл-кыштактардагы эмгекчилерге, тоодогу малчыларга концерт койгонго жөнөтүшчү. Ошентип бир автобус толо өнөрпоздор Фрунзеден чыгып чарчап-чаалыгып тоолуу Чоңко деген айылга барышат.

— Ой, булар кимдер? – дейт айылдагы бирөөсү.
— Артисттер.

— Кайдан келишиптир?
— Шаардан, — дейт экинчиси.

— Аа, кудай урган, баягы үйүнөн чыкпай чарага сийген жиндилер турбайбы, — дептир дагы бирөө. 

Иши кылып элет менен шаардын шакабасы арбын. Кээде элеттиктерге шаардык кыз, келиндердин шиш такалуу бут кийимдери деле жакпай калат.

Шаардыктардын шиш така,
Жарашпайт экен кыштакка.

Шиш таканын пайдасы
Ала кийиз, шырдак жыртмакка, — деп ырдачубуз биз бала кезде. 

"Чоңойгондо бизди караар бекенсиң же бир шиш таканы ээрчип жоголоор бекенсиң" дечү энелерибиз керелден кечке ойноп курсагыбыз ачкан бизге жаңы эле оттон чыккан ысык каламаны берип жатып.

Султан Раев апрасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айылга кат. Султан Палвандын айылына болгон сагынычы
Күндөрдүн бир күндөрүндө байкалбай эле мен да "шаардык" деген атка конуп калдым. Алгач бул өзүмө да, КӨРӨР КӨЗ АЙЫЛЫМ сага да сыймык катары көрүндү. Биринчи жайкы эс алуумда айылга барарым менен өзүм курдуу, ЧЫРАГЫМ АЙЫЛЫМ сенде калган балдар шаардан көргөн-билгенимди жан-алы калбай сурашып, колумдагы жалтыраган портфелим менен кийимдериме суктанышса, кыздар бир аз токтоло түшкөн мүнөзүмдү, агара түшкөн беттеримди, өстүрүп оң жагыма тыкан тараган чачымды сөз кылышып, улуу кишилер үнүмдү радиодон угуп, өңүмдү телевизордон көргөнүн айтышып, карыялар улуу Эшмамбеттин чөбөрөсү экенимди, айтылуу акын Тууганбайдын таалимин алып жүргөнүмдү дуулдата кеп кылды. Экинчи бир барганымда туугандарым "Эки жылда бир келген, энесинен сый көргөн жаман шаардык, тез-тез келип турсаң боло, сен сагынбасаң да биз сагынат экенбиз" деген өтүнүчүн айтышса, курбуларым "Жок дегенде эки барак кагазыңды аябай кат-пат жазып турчу" деген суранычын, айрым кишилер "Эй, ырчы, телевизордон чыкканда айылыбызды унутпай айтып жүр, бизди да анча-мынча ырыңа кошуп койсоң жаман болбос" деп ниеттерин тамаша-чыны аралаш билдирип, карыялар болсо "Шаарда жашаган тууган-урук менен амандык сураша жүр, уулум" деген аманаттарын айтып калышты. Ошол карыяларыңдын көзү тирүүлөрүнө ысык саламымды жолдойм. Анан, албетте, бармактайдан бирге ойногон досторго, классташтарыма салам айтам! Мен тентектик кылганда кулагымдан бурап, төбөмдү ысыта төөматек алган агайларым, көк чыбыкты өзүмө сындыртып келип кайра өзүмдүн жонума ойноткон эжейлерим жакшы жүрүшөбү? Бирок алар мени баарыбир өз баласынан кем эмес сүйүшчү.

Айрыкча кышында кудайдан тилегениңер, сураганыңар эле баягы свет эле, ал өчүп аткан жокпу? Кең-Туулуктун көк кашка суусу шоокумун салып тоо ылдый агып жатабы? Мен улам кийин бул сууну тартылып, азайып бараткандай сезип тынчсыздана берем. Азыр кандай, бөксөргөн жок бекен?

Тууган жерим мен сага анда-санда
Барсам дагы, туурумсуң ар качанда. 

Турмуш күтүп мен сенде калбасам да,
Барганда баягы бир.., бактымды бер…
Бала болуп кайтайын кайра шаарга.

Жаңылыктар түрмөгү
0