Токтогул ГЭСи 2 айда толук калыбына келет

Жазылуу
Премьер-министрдин кеңешчиси Турдубаевдин айтымында, 28-декабрь күнү Токтогул ГЭСинин 500 кВ кабели жарактан чыккан. Аны калыбына келтиргенге чейин кыргыз тарап Казакстан менен сүйлɵшүүлɵрдү жүргүзүп, Экибастус ГРЭСи менен алдын-ала келишимге кол коюлган.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Бүгүн, 2-январда, премьер-министр Темир Сариев Токтогул ГЭСинин иши жана авариялык жарактан чыккан жабдыктарды оңдоонун жүрүшү менен таанышканын ɵкмɵттүн маалымат кызматы билдирди. 

Сариев ГЭСтеги иштен чыккан жабдыктарды алмаштыруу иштерин тездетип, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу ɵкмɵттүн негизги милдети экенин белгиледи.

"Токтогул ГЭСиндеги жабдыктардын иштен чыгышы биз үчүн абдан чоң коңгуроо. Себеби, энергетика системасындагы жабдыктар учурунда алмаштырылбай калган. Ошондуктан, биз ГЭСтерди реконструкциялоону тездетүүбүз зарыл. Бул жаатта ɵкмɵт ɵз ишин күчɵтүп, энергетиктерге дал ушундай тапшырма коет", — деди премьер-министр.

Панкратов: кийинки жылы электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт
Өкмɵт башчынын кеңешчиси Кубанычбек Турдубаевдин маалыматына караганда, 23-декабрда жарактан чыккан Токтогул ГЭСинин 2-трансформаторунун шакекче кабелинин муфтасын оңдоо боюнча иштер толук кандуу жүрүп жатат. Учурда 20дан ашык адис эки кезмет менен 24 саат иштɵɵдɵ. Алардын арасында россиялык адистер да бар. Жабдыкты алмаштыруу 15-январга чейин бүткɵрүлɵт.

Ал эми 28-декабрда иштен чыккан Токтогул ГЭСинин 500 кВ кабелди алмаштырууга эки айлык мɵɵнɵт болжолдонууда. Учурда керектүү жабдыктар, адистер жетиштүү. Турдубаев калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кыларын, учурда жетиштүү резервдер бар экенин билдирип, Токтогул ГЭСинен тɵмɵндɵ турган ГЭСтердин кубаттуулугу жогорулатылганын кошумчалады.

"Учурда калкты электр энергиясы менен толук кандуу камсыз кылууга резервдер бар. Бирок учурдагы энергетикалык коопсуздукту күчɵтүү үчүн электр энергиясын импорттоо боюнча Казакстан менен сүйлɵшүүлɵр жүрүп, Экибастус ГРЭСи менен алдын-ала келишимге кол коюлду", — деди кеңешчи.

Премьер-министр Токтогул ГЭСиндеги оңдоо иштерин сапаттуу жана тез арада бүткɵрүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0