Ашпозчу кеңеш берет: Жаңы жылдык дасторкондун символу жер жемиштер жана жеңил тамактар

© Гулдана ТалантбековаАшпозчу Гүлмира Шеримбекова.
Ашпозчу Гүлмира Шеримбекова. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биз күткөн жаңы жыл жакындаган сайын ары түйшүктүү жана кызыктуу даярдыктар башталат. Үй жыйнап, балаты кооздогондон тышкары дасторкон үстүн жасалгалоо, дүйүм тамактар менен толтуруу ар бирибиздин билинбеген салттык милдетибизге айланган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агентиги өз ишин мыкты билген ашпозчу Гүлмира Шеримбекова менен биргеликте сиздин майрамдык дасторконду чогуу даярдашат.

— Алгач айтсаңыз жаңы жылдык дасторкон кандай болушу керек?

— Бул майрам жылына бир гана жолу келгендиктен, үй бүлө мүчөлөрү болушунча бир жылда бир жасалуучу, оригиналдуу тамактарды даярдаганы оң. Негизи жыл аталышына карап дасторконго чектөө киргизүүнүн кажети жок.

— Быйыл мечин жылы келатат. Андыктан дасторкондо дал ушул жылды тастыктаган символикалуу кайсыл тамакты сунуштайсыз?

— Бул жылдын символу жер жемиштер. Биз адатта жемиштерди вазага толтуруп салып жүрөбүз. Астына алма-алмурут, үстүнө банан менен жүзүм дегендей. Бирок быйыл ошолорду жайпак тарелкаларга, маймылдын формасын кесип, кооздоп койсо куп жарашат. Анан кантип мандаринсиз жаңы жыл өтсүн, аны үйүп-жыйып салуу актуалдуу. Негизи эле мандарин жаңы жылдын өзгөчө символу. Эми биздин рынокто деле тропикалык жемиштер жетиштүү. Алар быйыл жылдагыдан арзан.

© Гулдана ТалантбековаСоветы от повара на новогодний стол
Советы от повара на новогодний стол - Sputnik Кыргызстан
Советы от повара на новогодний стол

— Кыргыз эли майрам десе, ала-тоодой эт, ала көлдөй чык кылып болгон тамак ашты дасторконго жайнатып, жылчык калтырбай бүтөп салабыз. Айтайын дегеним. Тасмалдын форматын өзгөртүү боюнча кеңешиңиз барбы?

— Эң башкысы жегиликтүү, даамдуу, сиңимдүү ден соолукка пайдалуу тамактарды маалы менен алмаштырып тургудай аз-аздан койгонубуз туура. Мүмкүн болушунча тамактын жеңил түрлөрүн жасаганга аракет кылыңыздар. Чындыгында кыямдын бардык эле түрү жаңы жылда желе бербейт. Талап кылынып көп желгенин коюуңуз. Айрымдарыбыз ысык тамак менен таттууну аралаштырып коюп алабыз. Майрам күнү көзүнө эмне көрүнсө эле жей бересиңда.

— Ошондуктан менюну күн тартибиндегидей бөлүп алсакбы?

Базардагы сатуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жыл алдында кесме менен май кымбаттады
— Адатта жаңы жылда түштө бир жеңил тамак салаттары менен, кечке жуук экинчи ысык тамак андан кийин элдин көбү түндө тактап айтканда 12:00 чейин сыйлуу тамактарын, суусундуктарын акырында десерт, таттуларын жайнатса болот. Негизи торт эң акырында желет.

— Биздин салттуу тамактарыбыздан сырткары пайдалуу жана сиңимдүү эмнени сунуштайсыз?

— Менин байкашымча азыр эл эки үч жылдан бери кой, уй этине караганда канаттуунун этине көп басым жасап башташты, өзгөчө үндүктүкүнө. Учурда элет жергесинде да ар бир үй бүлө тоок кармайт. Андыктан канаттунун эти, шорпосу ден соолукка өтө пайдалуу жана сиңимдүү. 

— Салаттын кайсыл түрлөрүн жасасак болот?

— Биз кожейкелер совет учурунан баштап эле оливье салатын жасап көнүп калганбыз. Салттуу да тамактын түрүнө айланды. Бирок оливьенин курамын алып карасак күчтүү азыктар көп. Алсак: буурчак, жүгөрү, картошка, колбаса, майонез, жумуртка. Булардын сиңимдүүлүгу өтө жай болот. Кожейкелерге кеңешим колдон келишинче жеңил гана салаттарды жасаганга аракет кылыңыздар. Мисалы,микс, айсберг салаттары жалаң жашылча жемиштерден жасалат.

— Майрам анын эртеси да майрам демекчи. Катар тамактан кийин аларды кантип оңой сиңирсек болот?

— Үй шартында лимон менен көк чай чоң жардам берет. Кыямдын деле айрым түрлөрүн ысык сууга салып ичсе болот. Ар бир кожойкенин куржунунда кичинекей пакеттердеги фито чайлары болушу керек.

— Жаңы жыл кантип шампансыз өтсүн. Деги эле спирт ичимдиктеринин кайсыл турлөрүн тамак менен ичүү пайдалуу?

— Азыр балыкты дасторконго көп коюшат. Балыктан кийин кызыл винодон бир аз ичсе пайдалуу. Бирок спирт ичимдиктерин көп колдонууну сунуштабайт элем. Кыргыздын жакшынакай бозосу, кышкыга чапталган кымызынан өткөн улуттук суусундук жок. Ал эми ичип алып, эртеси башы ооругандар ысык шорпо, ашлямфу ичиңиздер.

— Сөзүңүзгө кыстырма "закускенин" да түрлөрүнөн айта кетсеңиз?

— Уйдун этин жука тилип, бышырып аны ороп ичине түрдүү начинкасы менен же окорачка менен жашылча салып даярдаса болот. Булар эң негизгилери. Эми ар бир кожейке өз чеберчилигин колдонуп дасторконун түрлөнтсө болот. Күзүндө чапталган бадыраң, помидорлорду кесип койсоңуз, ал өзүнчө даяр закуске.

Жаңылыктар түрмөгү
0