Өлкө жетекчилери жаңы жылды кайдан тосот?

© Sputnik / Табылды КадырбековАлмазбек Атамбаев жана Темир Сариев. Архив
Алмазбек Атамбаев жана Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясатчылардын көбү жаңы жылды үй-бүлө жана жакындары менен тосууга басым жасашат.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жаңы жыл — кыргызстандыктардын сүйүктүү майрамдарынын бири. Аны көпчүлүк көтөрүңкү маанай, берекелүү дасторкон четинде жакындарынын тегерегинде тоскусу келет.

Sputnik Кыргызстан саясий жана маданий айдыңда атагы алыска кеткен төбөлдөрдүн келе жаткан майрамды кантип белгилей турганына кызыгып көрдү. 

Президент Алмазбек Атамбаев саат түнкү 12де үйүндө болуп, майрамды жакындары менен тосору белгилүү болду. Баса, өлкө башчы маалымат жыйында да жаңы жылды үй-бүлө мүчөлөрү менен өткөрүүгө чакырган.

Салют. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылда "Ала-Тоо" аянтында 1,5 миң ирет салют атылат
Жакындары менен жаңы жылды парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбеков да тосуп алат. Спикердин маалымат катчысы Нурканбек Керимбаевдин айтымында, төрага чет өлкөгө да, керек болсо кичи мекенине да барбайт. Жээнбековдордун чоң үй-бүлөсү Бишкекте чогулуп, чогуу-чаран жаңы жылды тосуп алышат.

Премьер-министр Темир Сариев да үй-бүлөсү менен жакындарынын тегерегинде болот. Бул салтка айланган көрүнүш. Өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асановдун айтымында, дем алыш экенине карабай, премьер-министр өлкөдөгү абалды көзөмөлгө алып, айрым министрлер менен ар дайым байланышта болот.

"Өкмөт башчы жаңы жыл майрамында ИИМ, ӨКМ, УКМКнын күчөтүлгөн иш тартиби тууралуу токтомго кол койгон. ӨКМ өрт коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурушу керек. Сариев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен ар дайым байланышта болуп турат", — деди Асанов.

ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев жаңы жылдык майрам күндөрү коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырды
Шаардын мэри Кубанычбек Кулматов өткөн жылдан тарта жаңы жыл тосуунун өзүнчө салтын киргизип алган. Калаа башчысы эки жылдан бери жаңы жылдын "Ала-Тоо" аянтынан шаар тургундары менен бирге тосуп алууда.

Ал эми социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев жаңы жылды улуу агасы Чолпонбек Базарбаевдин үйүнөн тосот. Министрдин айтымында, салтка айланган бул жөрөлгөнү эч ким бузбайт.

"Бардыгы болуп 17-20 киши чогулат. Бири-бирибизге белек даярдайбыз. Майрамдын негизги шарты боюнча ырлар окулат. Жубайларыбыз чогулуп, баарыбыз үчүн мантуу түйөт", — деди Базарбаев. 

"Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекованын да жаңы жылды тосуу боюнча өзүнүн салттары бар. Анын айтымында, 31-декабрь күнү ал жакындары менен туугандарын куттуктап, түнкү 12ни коңшу-колоңу менен тосуп алат. 

"Дастроконго оливье менен балык салаттары коюлуп, үндүк этинен палоо жасалат", — деди эл өкүлү.

Кыргыз эстрадасынын жылдызы Гүлнара Тойгонбаева жаңы жылдык эс алуудан жаңы эле келген чагы. Араб Эмирлигинен келген ырчы жакшы эс алып келгенин айтты.

"Жаңы жылды үйдөн тособуз. Өзүмө Гоа аралдарына саякат даярдап койдум", — деди ырчы.

Анын кесиптеши Айчүрөк Иманалиева 12ни үй-бүлөсү менен тосорун, андан кийин клубда иштей турганын белгиледи. Түн ичинде ырчы айым бир нече ирет сахнага чыгат.

Ал эми Россиянын "Главная сцена" музыкалык шоусунун финалисти Кайратбек Примбердиев азырынча жаңы жылды кайда тосуу жөнүндө ойлонуп жатканын билдирди. Анын айтымында, ага жаңы жыл түнү эки жерде ырдоого сунуш түшкөн. Бирок артист үй-бүлө менен бирге майрамдоону каалап жатканын белгиледи.

"Мен аябай көпкө чейин үйдө болгон жокмун. Жаңы жылдык дасторконго өз алдыбызча тоок даярдап, балдарга өз колубуз менен белек жасасак деген оюбуз бар", — деди Примбердиев. 

Ал эми жаңы жылдык майрамдарда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн өкмөт маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0