Чүйдүн имамдарды маркумду кепинге алуунун туура жолдорун үйрөнүүдө

© Sputnik / Марк Агнор / Медиабанкка өтүүМечит. Архив
Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө имамдарды окутуу масштабдуу түрдө жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жыл узап жаткан күнү, 31-декабрда Кара-Балта шаарындагы Чүй облусундагы бардык имамдар эки күндүк окуусун жыйынтыктайт. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Башкы максат — имамдардын күнүмдүк аткарылуучу милдеттерин жакшыртуу жана шариат көргөзгөн тартипте үйрөтүү.

"Имамдарга жума күндөрү хутба айтуу, Ханафий мазхабын үйрөтүү жана жайылтуу, ар түрдүү радикал агымдардын алдын алуу, намаз окуу, нике кыюу, жаназа намазын окуу, маркумду кепинге алуу жана башкалар боюнча практикалык түрдө көргөзүп беришмекчи", — деп билдирди муфтияттын маалымат кызматынын жетекчиси Максат Атабаев.

Өлкөдө имамдарды окутуу жүргүзүлүп жатат. Мындай иш-чаралардын зарылдыгын жакында эле мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев журналисттер үчүн жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында билдирген. Президент имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга атайын каражаттар бөлүнүп, алардын эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү үчүн стипендиялар бериле баштагандыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0