ЖАМК отуруштан үнөмдөлгөн акчага жетим балдарды майрамдатты

Жазылуу
Каражат үнөмдөө максатында мамлекеттик мекемелердин көбү бюджеттин эсебинен өтүүчү жаңы жылдык отуруштан баш тартышкан.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) корпоративге кетүүчү акчага балдар үйүндөгү наристелерге жаңы жылдык белек сатып берүүнү чечкен. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Белектер ЖАМКтын көзөмөлүндөгү Военно-Антоновкадагы интернаттын тарбиялануучуларына берилди.

Буга чейин бир катар мамлекеттик мекемелер жаңы жылдык отуруштан баш тартышкан. Кимдир бирөөлөр социалдык тармактагы сын пикирден улам өткөрбөй калса, айрымдары акча үнөмдөөнү чечишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0