Мэрия эски жылды "Ала-Тоо" аянтынан бирге узатууну сунуштайт

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив
Бишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
31-декабрь күнү шаардык муниципалитет тургундарды биргеликте жаңы жыл тосууга чакырып, эки бөлүктөн турган жаңы жылдык оюн-зоок даярдады.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Өтүп бара жаткан жылдын акыркы күнү — 31-декабрда жаңы жыл тосуу үчүн шаардык мэрия эртең мененки жана кечки майрамдык кече уюштуруп жатканын муниципалитет билдирди.

Башкы балатынын асмандан ажайып көрүнүшү
Маалыматка ылайык, оюн-зоок саат 10.00дө башталып, анда жомок каармандары түшкөн автопоезд жүрүшкө чыгат. Каармандар борбордук көчөлөрдө шаардыктарды куттуктап, Ала-Тоо аянтынан баштап, Чүй, Манас проспектилери, Ахунбаев, Байтик баатыр көчөлөрү менен айланып кайра аянтка келет.

Бул учурда борбордук аянтта Аяз ата менен Аяз кыз келген коноктор менен интерактивдүү оюн өткөрүп, белек-бечкек таратат. Иш-чара концерттик программа менен коштолмокчу.

Оюн-зооктун кечки бөлүгү саат 21.00дө башталып, чыгармачыл жамааттардын майрамдык концерти тартууланат. Түнкү саат 00.00дө майрамдык салют атылат. 

Мэрия майрам күндөрү "Ала-Тоо" аянтынан шаардын чар тарабына коомдук унаа жүрө турганын маалымдайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0