Нарын шаарынын борборунда муздан чегилген маймыл коюлду

© Мырзабек МураталиевНарын шаарындагы маймылдын муздан жасалган айкели.
Нарын шаарындагы маймылдын муздан жасалган айкели. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустук администрациянын алдына муздан жасалган горилла менен пингвиндин айкели коюлду.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Нарын шаарындагы облустук администрациянын маңдайына маймыл менен пингвиндин муздан жасалган айкели коюлду. Бул тууралуу муз айкелдерди жасаган Нарын мамлекеттик университетинин экинчи курсунун студенти Адилет Кутбидинов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

© Мырзабек МураталиевНарын шаарындагы облустук администрациянын маңдайына маймыл менен пингвиндин муздан жасалган айкели коюлду
1/3
Нарын шаарындагы облустук администрациянын маңдайына маймыл менен пингвиндин муздан жасалган айкели коюлду
© Мырзабек МураталиевМуз айкелдерди жасоого жалпысынан үч жума кеткен
2/3
Муз айкелдерди жасоого жалпысынан үч жума кеткен
© Мырзабек МураталиевМуздан жасалган айкелдерди даярдоого 800 сомдой гана акча кеткен. Кутбидинов жасаган айкели көпкө чейин эле жетет деп ишенет.
3/3
Муздан жасалган айкелдерди даярдоого 800 сомдой гана акча кеткен. Кутбидинов жасаган айкели көпкө чейин эле жетет деп ишенет.
1/3
Нарын шаарындагы облустук администрациянын маңдайына маймыл менен пингвиндин муздан жасалган айкели коюлду
2/3
Муз айкелдерди жасоого жалпысынан үч жума кеткен
3/3
Муздан жасалган айкелдерди даярдоого 800 сомдой гана акча кеткен. Кутбидинов жасаган айкели көпкө чейин эле жетет деп ишенет.

Анын айтымында, муз айкелдерди жасоого жалпысынан үч жума кеткен.

"Сууну эки жумадай тоңдурдук. Бир жума айкелди чегүүгө кетти. Жалпысынан үч жума убакыт алды. Ар жылы кайсыл жыл келе жатса ошонун айкелин жасайбыз. Келерки жыл маймыл жылы болгондуктан горилланы жасадык. Ал эми пинвгинди кыштын жана сууктун символу катары кошуп койдук", — дейт Кутбидинов.

Кутбидинов айкелдин болжолдуу бийиктиги эки метрге жетип, эки айкелдин салмагы биригип жарым тоннага чамалай турганын кошумчалады.

Муздан жасалган айкелдерди даярдоого 800 сомдой гана акча кеткен. Кутбидинов жасаган айкели көпкө чейин эле жетет деп ишенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0