Баткен: мектеп менен медресенин окуучулары спорттук таймаштарды баштады

Жазылуу
Демилгечилер балдар арасындагы спорттук мелдештер алардын достугун арттырат деген ишенимде.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Достукту бекемдөө жана сергек жашоо образын калыптандыруу максатында Баткендеги мектеп жана медресе окуучуларынын ортосунда спорттук мелдештер өткөрүлүп жатат. Бул туурасында Баткен облустук мусулмандар казыятынын басма сөз катчысы Фуркат Авлиёев кабарлады.

"Баткен районундагы "Нур" Куран жаттоо медресеси жана Сабыр Момунов атындагы мектеп окуучулары футболдук мелдеште өздөрүнүн күчтөрүн сынашып, андан сырткары жакын достордон болуп калышты", — деди Авлиёев.

Иш-чара аталган медресенин мүдүрү Абдурахман Гапаровдун демилгеси менен уюштурулган.

"Балдардын ден-соолугун чыңдоо маанилүү. Өткөрүлгөн иш-чара мектеп менен медресе окуучуларынын достугун бекемдеп, балдар ортосундагы алаканын жакшырышына чоң өбөлгө болот", — деди Гапаров.

Авлиёев облустагы окуучулар арасындагы мындай маанайдагы спорттук иш-чара мындан ары да уланаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0