Кыргызстанда улгайгандар үчүн улуттук программа кабыл алынат

© Sputnik / Табылды КадырбековКарылар үйүнүн жасоочусу. Архив
Карылар үйүнүн жасоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун жардамы менен жасалып жаткан изилдөөнүн натыйжасында кары-картаңдардын муктаждыгын чечүүгө багытталган улуттук программа кабыл алынат.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу карылык маселеси изилдөөгө алынып жатканын Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев "Союз добрых сил" коомдук бирикмесинин жетекчиси Валентина Житинева менен болгон жолугушуусу учурунда билдирди.

Анын айтымында, изилдөөнүн жыйынтыгы менен улуу муунду социалдык камкордукка алуу чаралары каралган улуттук программа түзүлөт.

"Пенсионерлердин муктаждыгын болушунча камтууга аракет кылабыз. Азыр жашоо өзгөрдү. Улуу муун да активдүү жашоо менен күн кечирүүгө аракет кылат", — деди Базарбаев.

Житинева өз кезегинде анын жашындагы адамдар "согуш балдары" экенин, ал учурдун каатчылыгы ден соолуктарына бир топ залал келтиргенин айтты. Мындан улам, азыркы алып жаткан пенсия коммуналдык кызмат менен дары-дармек алууга корой турганын белгиледи. 

Аталган изилдөө БУУнун жардамы менен жасалмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0