12:19 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD82.2000
  • EUR90.0665
  • RUB1.0389
Коом
Кыскача шилтеме алуу
49 0 0

Кийинки жолугушуу жана лекция айыл өкмөттүн мектеп окуучуларына арналат.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Ош облусунда "Кыргызстандагы диний эркиндиктин баа жеткис орду" деп аталган темада түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жана лекциялар окулуп жатат. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди. 

Алгачкы окуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү мечитте жергиликтүү тургундарга өткөрүлдү.

Ош облусунун Мусулмандар казысынын орун басары Нурбек Орунбаев жарандарга аталган темада жума баянын жасады. Андан сырткары азыркы диний туруктуулукту өз нугунда бекемдөө зарылдыгын бекемдеди. Айылдык мечиттердеги имамдардын динди жеткирүүдөгү баян айтуу чеберчилигин жана ар тараптуу билим деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Маалымат кызматы кийинки жолугушуу жана лекция аталган айыл өкмөттүн мектеп окуучулары жана башка айылдардын жашоочулары менен болоорун билдирди.

Тема боюнча

ИИМ: диний экстремисттердин 80%ы "Таблиги жамааттан" чыккан
"Элдик демилге": дин аалымдарына кол салгандарга жаза күчөтүлүшү керек
Белгилер:
эркиндик, дин, окутуу

ЭҢ МААНИЛҮҮ