Террорчулардын колунан каза тапкан егерь өлгөндөн кийин сыйланды

© пресс-служба ГПС КРАңчылык чарбасынын кызматкери Александр Барыкинге берилген орден.
Аңчылык чарбасынын кызматкери Александр Барыкинге берилген орден. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын башында аңчылык чарбасынын кызматкери Александр Барыкин Кытайдын аймагынан келген террорчуларды токтотуу учурунда каза болгон.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Былтыр 23-январда каза тапкан егерь Александр Барыкинди эскерүү митинги жума күнү Каракол шаарында болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Беш күндөн бери изделип жаткан аңчынын сөөгү көчкүнүн алдынан табылды
Иш-чарада Барыкиндин каармандыгы тарыхта кала турганы айтылып, ал өзүнүн милдетин так аткарганы белгиленди. 

2014-жылдын 23-январында аңчылык чарбасынын кызматкери Александр Барыкин лагерге кайтып келе жатып, белгисиз адамдардын тобуна туш болгон. Аларды токтотуп, кыргыз-кытай чек арасындагы "Пикертык" пунктуна алып барууга аракет кылган. Кылмышкерлер Барыкинди өлтүрүп, анын мылтыгын тартып алышкан. Егерь өзү менен кошо эки адамды ала жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0