Юрист кесибин чабанга алмаштырган малчынын байлыгы 4 млн. сомго жетти

© Айганыш АсылбековаЮрист кесибин чабанга алмаштырган Бактыбек Жумаев.
Юрист кесибин чабанга алмаштырган Бактыбек Жумаев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айылдын жашоосун чанып, ири шаарларда иштеп-жашоону каалагандар азыр четтен чыгат. Колунан келгени да, келбегени да калаа жашоосуна аралашып, кирди-чыкты күн кечирип келет.

Бүгүнкү каарман эл катары абройлуу окуу жайдан билим алып, юрист кесибине ээ болгонуна карабастан, айылда эле жашап, мал чарбачылыгы менен көп кырды ашкан. Сокулуктун Төш-Булак айылын Бактыбек Жумаевдин короосунда учурда 500дөн ашуун кой, 20га чукул бодо малы бар. Элчилеп I-Phone деле көтөрбөйм, базардан эле кийинем, дейт миллионер.

— Өз кесибиңиз боюнча иштебей калышыңызга эмне себеп болду?

— Үйдүн кичүүсү элем. Ата-эненин жанынан келүү милдетим болчу. Анан минтип ата жолун улап мал менен алектенип калдык. Диплом сандыкта сакталуу турат.

— Мынча мал үйдө кармалбаса керек?

— Албетте, кой кышында кыштоодо болот. Төл маалында гана үйгө алып келинет. Жаздан баштап кайра жайлоого чыгармай.

© Айганыш Асылбекова— Менде I-Phone сыяктуу кымбат баалуу уюлдук аппараттар жок. Колдонгум деле келбейт.
Миллионер, чабан из Сокулука Бактыбек Жумаев - Sputnik Кыргызстан
— Менде I-Phone сыяктуу кымбат баалуу уюлдук аппараттар жок. Колдонгум деле келбейт.

— Акчага которгондо канча каражаттын ээси болуп каласыз ошондо?

— Төрт миллион сомго чамалап барат.

— Аябай жөнөкөй экенсиз…

— Менде I-Phone сыяктуу кымбат баалуу уюлдук аппараттар жок. Колдонгум деле келбейт. Үй-бүлөм менен базардан эле кийим алып киебиз. Өтө деле тандабайм. Кийген көйнөгүмдүн баасы 600 сом. Ыңгайлуу болсо болду да. Жөнөкөй жашоого ыктаган карапайым эле кишибиз.

— Балдарыңызды окутасызбы?

— Албетте. Эки кыз, үч уулум бар. Жогорку билим алуусуна бардык аракетимди көрөм. Бирок кенже уулум менин жанымда болушу керек. Окуйм десе окуйт, бирок кийин мен карыганда сөзсүз жаныма келет. 

© Айганыш АсылбековаАл-күчтөн тайгыча өз тиричилигимди кыла берем. Бирок кичүү балам келүүгө милдеттүү.
Миллионер, чабан из Сокулука Бактыбек Жумаев - Sputnik Кыргызстан
Ал-күчтөн тайгыча өз тиричилигимди кыла берем. Бирок кичүү балам келүүгө милдеттүү.

— Болбой койсочу?

— Болбосо дагы көрөбүз да. Ал-күчтөн тайгыча өз тиричилигимди кыла берем. Бирок кичүү балам келүүгө милдеттүү.

— Юрист болуп иштесем мындан да кыйратат элем деп өкүнгөн учурларыңыз болду беле?

— Эми ар кандай ойлор келе берет да. Бирок азыр ушул абалыма, жеримдеги кадыр-баркыма ыраазымын. Кашымда ата-энем, жубайым, балдарым турат. Мен ошого бактылуумун.

Жаңылыктар түрмөгү
0