Чоң атасы тарбиялап келген төрт наристенин окуясын вице-премьер өз көзөмөлүнө алды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБалдар үйүнүн тарбиялануучулары. Архив
Балдар үйүнүн тарбиялануучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдарынын рейд учурундагы аныктаган аз камсыз үй-бүлөдө чоң ата төрт наристени өзү жалгыз багып келген. Текшерүү учурунда үйдөн мас абалындагы жарандар табылган.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева Аламүдүн районунда ата-энесинин кароосу жок калган балдарга байланыштуу окуяны жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги тарабынан Байтик айылында төрт бала жашаган аз камсыз үй-бүлө аныкталган. Балдардын эң кичүүсү үч айлык. Аларды 62 жаштагы чоң атасы Жакып Алишеров жалгыз тарбиялап келген.

Байтик айылындагы 62 жаштагы карыя төрт небересинен ажыратылды
Карыя балдардын апасы бир жарым айдай мурун Ысык-Көл облусуна кетип, ал эми атасы түрмөдө экенин айтат. 62 жаштагы аксакалдын аялы 1998-жылы кайтыш болуп кеткен.

Аламүдүн районунун өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы мыйзам боюнча 60 жашка чыккан жалгыз бой кишилер балдарды асырай албай турганын жүйө кылып, Бишкек шаарындагы балдардын реаблитациялык борборуна жана Токмоктогу балдар үйүнө алып барыла турганын маалымдаган.

Кудайбердиева Эмгек жана социалдык өнүгүү жана Ички иштер министрликтерине кыска мөөнөттө балдардын документтерин жөнгө салып, мамлекеттик жөлөк пул чегерүүнү тапшырды. Мындан тышкары, мекемелер балдарды энесине кайтаруу же жакын туугандарынын камкордугуна берүү маселесин иштеп чыгышы шарт. Муну менен бирге балдардын энесин издеп табуу тапшырылды.

Вице-премьер балдарды социалдык жактан коргоо системасы үзгүлтүксүз иштөөсү керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0