Үч эм наристелер менен алардын энесине шаардык атка минерлер белек беришти

© пресс-служба мэрии города БишкекЖарыкка келген үч эм наристелер.
Жарыкка келген үч эм наристелер. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ымыркайлар үстүбүздөгү жылдын 21-декабрында жарык дүйнөгө келишкен.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бишкектин саламаттык сактоо департаментинин кызматкерлери шаардык перинаталдык борбордо эки кыз, бир уулду жарыкка алып келген Татьяна Гатыжскаяны куттукташты. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үч эм кыздар үйлүү болушту
Жаш энеге белек-бечкек ыроолонду. №3 дарыгерлердин үй-бүлөлүк тобунун кызматкерлери наристелерди үйүнөн карап, камкордукка алышат.

Үч эмди 30 жаштагы Татьяна Гатышская 21-декабрь күнү жарыкка алып келди. Учурда эне менен балдардын абалы жакшы.

Аялга башкы дарыгердин орун басары Жамиля Марипова операцияга жасаган. Маалыматка ылайык, биринчи кыздын салмагы 1960 грамм, экинчисиники 1925 грамм, ал эми эркек баланын салмагы 2280 граммды түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0