Сариев: жөлөк пул алууга татыксыздардын саны жыл сайын 20 миңге кыскартылып жатат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЧеловек с ребенком. Архивное фото
Человек с ребенком. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги мамлекеттен мыйзамсыз пенсия, жөлөк пул алган жарандардын санын кыскартып жатат.

Бишкек, 24-дек. – Sputnik. Жөлөк пул алууга татыксыздардын саны жыл сайын 20 миңге кыскартылып жаткандыгын премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңештин жыйынынды билдирди.

Анын айтмында, Кыргызстанда 650 миң пенсионер, 443 миң жөлөк пул алган жарандар бар. Кошумча жөлөк пулга дагы 3 миллиард 200 миллион сом керектелет. 

"Жарандардын арасында колунан келгени деле келбегени деле жөлөк пул алып калган учурлар көп. Буга ылайык дыкат иликтөөнүн негизинде жөлөк пул алууга татыксыздардын санын кыскартып жатабыз. Себеби, мамлекеттин колдоосуна чындап муктаж болгондор алышы керек", — дейт премьер.

Маалыматка ылайык, кошумча керектелген 3 миллиард 200 миллионду ушундай кыскартуулардын негизинде толуктаса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0