Кыргыз Эл артисти Сейитказы Андабеков каза болду

Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 90 жаш курагында көз жумду.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргыз ССРнин Эл артисти, көрүнүктүү театр ишмери Сейитказы Андабеков каза болгонун Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Гвоздика гүлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кулатуунун негиздөөчүсү Темир Турусбеков каза болду
Андабеков 1925-жылдын 18-сентябрында Ат-Башы районунун Кара-Коюн айылында жарыкка келген. 1942-жылы 17 жаш курагында алгач аскердик окууга, андан кийин фронтко жөнөтүлгөн. Көрсөткөн баатырдыгы үчүн медаль менен сыйланган.

1946-жылы мекенине айтып келгенден кийин Нарын облустук театрда иштейт. Эки жылдан кийин эл артисти Койсун Карасартовага үйлөнүп, төрт уул, жети кыздын ата-энеси болушат.

"Жеңиш үчүн" медалы менен сыйланып, эмгек сиңирген, андан кийин Эл артистигин алат. Бир катар грамоталар менен бирге "Данакер" төш белгиси жана "Манас" ордени менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0