Ноокендеги эки мектептин имаратында бала бакчалар иштей баштады

Жазылуу
Жаңы ачылган мекемелер бардык тийиштүү эмерек, пособиелер менен камсыздалган.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Ноокен районунун Жеңиш жана Кокондук айылдарында эки бала бакча ачылганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сузакта 23 жылдан бери токтоп турган бала бакча ишке кирди
Маалыматка ылайык, Жеңиштеги бала бакча 1993-жылы курулган 420 орундуу мектептин базасында ачылган. Бардык окуучунун саны 360ты түзгөндүктөн мектептин бир бөлүгүн бала бакча катары пайдалануу сунушу колдоого алынган. Ремонт иштери үчүн жергиликтүү бийлик бюджетинен 900 миң сом бөлүп берген.

Ал эми Кокондук айылындагы бала бакча да мектептин имаратында ачылды. Оңдоп-түзөө жана жасалгалоо иштерине жергиликтүү бийлик 550 миң сом берген. 

Маалыматта эки бала бакча тең жеткинчектердин тийиштүү тарбия алуусу үчүн бардык нерселер менен жабдылганы айтылууда.

Кыргызстандагы мамлекеттик бала бакчалардын абалы жөнүндө Sputnik инфографикасында көрүңүз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0