Сариев: 66 өлкө менен визасыз режим өзүн-өзү актады

Жазылуу
Визасыз режим өлкөгө келген туристтердин санын 2,5 эсеге көбөйтүүгө түрткү болгонун белгиледи.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстандын 66 өлкө менен визасыз режим киргизүүсү өзүн өзү актады, деп билдирди премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай режим Кыргызстанга келген туристтердин санын 2,5 эсеге көбөйткөн.

"Бүгүн Европанын бир катар мамлекеттери, ошондой эле Малайзия, Сингапур жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөр менен визасыз режимди киргизүү өзүн-өзү актады деп ойлойм. Мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, көптөгөн чет өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга турист катары келип жатат. Демек, азыр бул режимди бузуу максатка ылайык келбейт", — деди Сариев.

Премьер-министр дүйнөдөгү акыркы абал жана коопсуздук маселелеринен улам чек арада көзөмөл күчөтүлөрүн кошумчалады. Муну менен катар Сариев келечекте электрондук виза даярдоо сунушу караларын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0