Таласта жасалма диплом менен иштеп келген милиционер кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековДиплом кармаган бүтүрүүчү. Архив
Диплом кармаган бүтүрүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкеринин көрсөткөн дипломуна ылайык, ал 2010-жылы Жусуп Баласагын атындагы КМУнун экономика факультетин бүтүргөн. Бирок, текшере келгенде аталган жарандын бул окуу жайда окубаганы аныкталды.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Талас облусунун ИИБнин ыкчам кызматкери жогорку билими жөнүндө жасалма диплом колдонуп келгенин УКМК аныктап чыкты.

Бишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жасалма диплом менен иштеп жүргөн мэриянын кызматкери аныкталды
Маалыматка ылайык, милициянын ага лейтенанты болуп келген кызматкер ОИИБнин 5-бөлүмүндө иштеп келген. 2011-жылы ички иштер органдарда кызмат өтөө үчүн 2010-жылы Жусуп Баласагын атындагы университеттин экономикалык факультетин аяктаганы боюнча жасалма дипломду пайдаланып келген. 

Текшерүү маалында кызматкердин аталган окуу жайда окубаганы, мындай диплом берилбегени маалым болгон. 

Бул факты боюнча Талас облусунун прокуратурасы кылмыш жаза кодексинин "Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу" беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду.

Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0