Кышкы каникулда окуучулар ийрим жана спорт секцияларына барып убакыт өткөрөт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүОкуучулар спорт залда машыгуу учурунда. Архив
Окуучулар спорт залда машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл мектеп окуучуларынын кышкы эс алуусу 31-декабрда башталып 24-январга чейин уланат.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кышкы каникул маалында шаар окуучулары үчүн ийримдер жана спорт секциялары иштей турганын мэрия билдирди.

Мында 15 миң бала кызыккан ийримдерине катыша алат. Бул жерлерде мектеп администрациясы, мугалим жана техперсонал болуп бардыгы 10,7 миң кызматкер иш алып барат.

Октябрь районунда 800 окуучу балдар чыгармачылык борборунда алек болсо, 2 миң 820 окуучу мектептеги ийримдерге барат.

Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мектеп окуучулары кышкы каникулда дээрлик бир ай эс алышат
Биринчи Май районундагы чыгармачылык борборлор 300, ал эми мектептеги ийримдер 1,8 миң баланы кабыл алууга даяр.

Свердлов районунда бардыгы болуп 4,7 миң окуучу кызыккан ийримдерине барып убакыт өткөрө алат.

Ал эми Ленин районунда жаш техниктер станциясы тарабынан уюшулган ийримдерге 1200 бала бара турган болсо, 4,8 миң окуучу чыгармачыл борборлордо, ал эми мектептеги ийримге 1 миң окуучу катышууга мүмкүнчүлүк алат.

Билим берүү жана илим министрлиги жазгы жана күзгү каникулдардын эсебинен кышкы эс алуунун мөөнөтү 24 күнгө узартуу тууралуу чечим кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0