Жаңы жылдык отуруштан жапырт баш тартуу тенденциясы башталды

Жазылуу
Республиканын райондору шаардан кем калбай жаңы жылдык майрамдардан баш тартууну чечишти.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызстандык атка минерлер, ири жана чакан компаниялар бюджеттин пайдасына жаңы жылдык жамааттык отуруштардан баш тарта баштады.

Жаңы жылдык корпоративдер арабөк калышы мүмкүн
Отуруштар жапырт түрдө "Манас" аэропорту үчүн жаңы жылдык отуруш өткөрүүгө жарыялаган тендер тууралуу маалыматтан кийин өтпөй турган болду. Авиакызматкерлер коомчулуктун сын пикиринен кийин андай отуруштан баш тартууга аргасыз болгон.

Бул боюнча премьер-министр Темир Сариев да өз пикирин билдирип, каражатты пайдалуу жакка жумшоого чакырган. 

"Тыюу салууга укугубуз жок, бирок майрамдык отуруштарды өз эсебинен өткөрүүнү сунуштайбыз", — деген өкмөт башчы.

Мындан улам өкмөттөгүлөр да балатыны айланып майрамдабай турган болушту. 

Эстафетаны Ош шаары да улантып кетти. Мэр Айтмамат Кадырбаев шаңдуу кечелердин ордуна үй-бүлөлүк майрам өткөрүүнү сунуштады.

Чолпон-Ата шаарынын муниципалитети учурда жаңы жылдык отуруш боюнча ойлонуп жаткан кези. 

Эмгек жана Социалдык өнүгүү министрлиги кесиптер бирлигинен бөлүнгөн акчага майрамдамай болду. 

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оштун мэри майрамдык жамааттык отуруштарды өткөрбөөгө чакырды
Ал эми Баткен шаарынын мэриясы Sputnik агенттигине мамлекеттик акча балдардын белек-бечкегине гана корой турганын айтты. 

Каракол шаарынын мэриясы чогуу-чаран өз чөнтөгүнөн акча чыгарып, отуруш өткөрөрү аныкталды. 

Мамлекеттик MegaCom уюлдук компаниясы жаңы жылдык банкет өткөрүп, 350 кишиге 455 миң сом жумшай турган болду. Мында ар бир киши 1300 сомдун тамагын жеп, ырын ырдап кетмекчи. 

Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэриясы жергиликтүү кеңештин депутаттары менен 29-декабрь күнү жаңы жыл тосмой болду. Вице-мэр Турдали Темирбаевдин айтымында, иш-чара буга чейин пландаштырылып калган, мындан улам, профкомду да, кафесин бекер берген ишкерди да ыңгайсыз абалга калтырбоо чечими кабыл алынган. Мэрия быйылкы жыл менен жаңы жылдык отуруш аягына чыгарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0