Жогорку Кеңештин ашканасы, чайпул. Депутаттар котлетти тигүүчүлөргө караганда арзан жешет

© Аида БатырбековаСтоловая в здании Жогорку Кенеша
Столовая в здании Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кийим тигүүчү цехтердин кызматкерлери "Ак үйдөгүлөргө" караганда котлетти 5 сомго кымбат жешет. Ал эми борбордогу ашканаларга салыштыра турган болсок айырма 10 сомдон 30 сомго чейин чыгат.

Бишкек, 22-дек. — Sputnik. Коомдук жайлардагы ашканалардагы тамак-аштын баалары көпчүлүккө белгилүү болсо керек. Бирок, чеби бекем корголгон "Ак үйдөгү" депутаттар кандай шартта жана кандай баада тамактанышат болду экен. Бул тууралуу Sputnik билип көрдү.

"Ак үйдүн" жер төлөөсүндө "Чыгыш" жана "Батыш" деп аталган эки ашкана бар. Бул ашканаларга бардык кызматкерлер кирип тамактана алышат. Бирок, депутаттардын көбү "Батыш" тарабына барышат экен. 

© Аида Батырбекова"Ак үйдүн" жер төлөөсүндө "Чыгыш" жана "Батыш" деп аталган эки ашкана бар.
1/2
"Ак үйдүн" жер төлөөсүндө "Чыгыш" жана "Батыш" деп аталган эки ашкана бар.
© Аида БатырбековаБул ашканаларга бардык кызматкерлер кирип тамактана алышат.
2/2
Бул ашканаларга бардык кызматкерлер кирип тамактана алышат.
1/2
"Ак үйдүн" жер төлөөсүндө "Чыгыш" жана "Батыш" деп аталган эки ашкана бар.
2/2
Бул ашканаларга бардык кызматкерлер кирип тамактана алышат.

"Батыштын" "менюсунда" жалаң деликатестер болсо керек деп ойлосоңуз жаңылышасыз. Алардын шаар ичиндеги жөнөкөй ашканалардан айырмасы жок. Даярдалган тамактар жөнөкөй бир барак кагазга тизмектелип жазылып, тизме күн сайын жаңырып турат.  Ашкананын ичи таза жана тыкан. 

Жатакана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жашооң кандай, студент же "Оо, кукси, бизди ажалдан канча жолу сактап калдың"
Менюдагы коюу тамактардын катарынан бешбармак 100 сом, манты — 110, палоо — 100, котлет — 70 жана гуляш — 100 сом экенин көрүүгө болот. Мындагы баалар менен шаардагы тигүүчү цехтердин биринин ашканасын салыштырганыбызда "Ак үйдөгүлөр" тамакты 5 сомдон 10 сомго чейин арзан алышары белгилүү болду. Маселен, тигүүчүлөр котлетти гарнири менен 110 сомго алса, депутаттар чай, гарнир, нанын кошкондо 105 сомго ала алышат.  

Ал эми Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү ашканалар менен салыштыра турган болсок, жөнөкөй жаран "Ак үйдөгүлөргө" караганда бешбармак менен палоону 30 сомго, гуляшты 25 сомго кымбатыраак жеп, мантыны 10 сомго арзан алат. Ал эми котлеттин бир даанасын 70 сомго алууга болот. 

Эгерде жөнөкөй ашкана эмес  кафелер менен салыштыра турган болсок, жарандар 20-30 сомго эмес 50-80 сомго чейин кымбатыраак курсакты тойгузуп калышат.  

"Ак Үйдө" тамактардын баасы төмөн болгону менен даамы супсак деген депутаттар да чыкпай койгон жок. 

"Убакыттын тардыгына байланыштуу Жогорку Кеңештин ичинде тамактанууга туура келет. Бул жактын тамактарын жаман деп айтпайм бирок сапатын жакшыртып, даамдуурак жасашса жакшы болмок. Сырттагы кафелерге чыксаң бул жактыкына караганда сапаттуу тамак жей аласың", — дейт "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Талант Мамытов.

Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова ашкананын арзандыгын белгиледи.

"Иште болгонумда  өзүбүздүн, Жогорку Кеңештин ашканасынан тамактанам. Баалары  арзан, жакшы. Маселен, түштөнүүмө 100 сомдун тегерегинде акча кетет. Бул суммага гречка, эт же котлет алышым мүмкүн", — дейт депутат айым.

Ал ашканадан жакшы көрүп жеген тамактарынын бири балык экенин кошумчалады.

Депутаттардан буйрутма алган "Ак Үйдүн" ашканасынын администратору Нурзат Аттокур кызынын айтымында депутаттар айрым учурда официанттарга чайпул ташташат.

"Депутаттар албетте, чайпул ташташат. Бирок, көп эмес, 50-60 сомго чейин болушу мүмкүн. Өзүбүз деле чайпул алып калууга аракет жасабайбыз", — дейт ал.

"Ак үйдөгү" ашканалар дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Эгер жогорудагы менюнун негизинде бир айлык иш күнүндөгү түштөнүүгө кеткен чыгымды эсептесек 1920 сом болот экен, ал эми жөнөкөй жарандар башка ашканаларда 300 сомго көбүрөөк тагыраагы 2220 сомго түштөнүшөт (чай-нан, салаттарды кошпогондо).

Жаңылыктар түрмөгү
0