Ошто жер титирөөдөн жапа чеккендерге Пакистан жардам берди

© Sputnik / Табылды КадырбековЖер титирөөдөн жабыркаган үй. Архив
Жер титирөөдөн жабыркаган үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчилик өкүлдөрү консулдар менен жолугуп, жалпы жонунан 220 миң сом акча бөлүп беришкен.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Пакистан мамлекети Оштун жер титирөөдөн жапа чеккен тургундарына материалдык жардам бергенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мобилдүү контейнерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошко 89 мобилдик турак жай жеткирилип, 126 үй-бүлө жайгашты
Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында аталган облустун Кара-Суу жана Алай райондорунда 7 баллдык жер титирөө болуп бир жарандар үй-жайсыз калган. Алар үчүн өкмөттүн демилгеси менен атайы эсеп ачылып, убактылуу баш паанек үчүн 20 жана 40 тонналык контейнерлер мобилдүү турак жай болуп жасалууда. 

Учурда 89 мобилдик турак үйлөр жеткирилип, 126 үй-бүлө жайгашканын ӨКМ билдирген.

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги консулдар менен жолугуп зилзаладан жабыркагандарга жардам көрсөтүү чечимин кабыл алышкан. Ага ылайык, Пенджаб жана Синд провинцияларынын консулдары 290 рупий, же 220 миң сом акча бөлүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0