16:27 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Дөңгөлөктү текшерүү. Архив

Кычыраган кыш, дөңгөлөктөргө "диагноз". Эринген эки басат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
11410

Кыш келгендиктен автоунаасынын жайкы дөңгөлөктөрүн чыгынып алмаштырбай жүргөндөр айдоочулар арабыздан чыгат. Кар жаап, жолдор тайгалак болгондуктан мындай абал жол кырсыгына эле алып келбестен, айдоочунун өмүрүнө да кооптуу.

Кыштын кычыраган суугуна карабай муздак темир чапкылап, дөңгөлөктөрдү ажыратып, түрдүү кызмат көрсөтүп жаткан балдарды кепке тарттык. Өзүн Данияр деп тааныштырган жигит автоунаалардын дөңгөлөктөрүн алмаштырып иштейт. Жайкы дөңгөлөктөрдү эринип алмаштырбай жүргөн айдоочуларга ал кеңеш берди. 

— Данияр, айтсаңыз иштегениңизге канча болду?

— Менин иштегениме эки жыл болду. Бул жакта байкелерибиз үйрөткөн. Акчасы жакшы күнүңкүсүн күнүгө алабыз. Бир күндө 15-20 кардар тейлейбиз. Негизи өзүм жамап-жасаганга жакынмын. Бул жумушту деле жөндөмү бар киши алып кетсе керек.

  • Кыштын кычыраган суугуна карабай муздак темир чапкылап, дөңгөлөктөрдү ажыратып, түрдүү кызмат көрсөтүп жаткан балдарды кепке тарттык.
    Өзүн Данияр деп тааныштырган жигит автоунаалардын дөңгөлөктөрүн алмаштырып иштейт.
    Гүлдана Талантбекова
  • Өзүн Данияр деп тааныштырган жигит автоунаалардын дөңгөлөктөрүн алмаштырып иштейт.
    Өзүн Данияр деп тааныштырган жигит автоунаалардын дөңгөлөктөрүн алмаштырып иштейт.
    Гүлдана Талантбекова
  • Жайкы дөңгөлөктөрдү эринип алмаштырбай жүргөн айдоочулар өз өмүрүн гана тобокелге салбастан башкаларга да коркунуч жаратат.
    Жайкы дөңгөлөктөрдү эринип алмаштырбай жүргөн айдоочулар өз өмүрүн гана тобокелге салбастан башкаларга да коркунуч жаратат.
    Гүлдана Талантбекова
1 / 3
Гүлдана Талантбекова
Өзүн Данияр деп тааныштырган жигит автоунаалардын дөңгөлөктөрүн алмаштырып иштейт.

— Суукта жумуш оор болсо керек?

— Биз көнүп калганбыз. Негизинен оор эле. Бизге ар кандай кардарлар келишет. Эсимде бир жолу домкрат менен дөңгөлөктү көтөрүп коюп, бери жакта иштеп жаткам, бир маалда эле көк музга домкрат сыймаланып жылып кетти. Анан айдоочусу бекер жаса деп көгөрүп туруп алды. Айла жок бекер жасаганга туура келди. Болбосо унаасы эчтеке болгон жок. Эми мындайлар көп эле болот. Убагында ыза болсоң, кийин эстеп алып күлөсүң.

— Дөңгөлөктөргө алгач кандай жолдор менен "диагноз" коюлат?

— Биринчи эле биз дөңгөлөктү чечип, андан соң сууга салып текшеребиз жарык жерин ушинтип аныктап анан жамап баштайбыз. 

— Сиздердин кызматыңарга эмне кирет жана алардын баасы канча?

— Дөңгөлөктү үйлөтүү беш сом, жарылып калса 150 сомго жамайбыз. Дөңгөлөк көпкө чейин жүргөндө кургап кетет, аны 120 сомго майлайбыз. Дөңгөлөктү алмаштыруу 500 сомдон өйдө.

— Айдоочуларга кандай кеңеш берет элеңиз?

Шаардын көчөлөрү түнү бою тазаланып жатат
пресс-служба мэрии города Бишкек
— Учурда жол кырсыктары көп катталып жатат. Мунун бирден бир себеби айдоочулардын көбү жайкы дөңгөлөктөр менен жүрүшөт, аны кышкыга алмаштыргыла. Алыс жолго чыккандар чынжыр байлоосу шарт. Жок дегенде бир жумада бир үйлөтүп туруңуздар, ал болгону беш сом турат. "Сактыкта кордук жок" дейт. Ар бир айымдын жанында косметикасы болсо, так ошондой айдоочуларда машинесинде атайын инструменттери бар чакан сумкасы, анын ичинде сөзсүз дөңгөлөккө боо жана үйлөткүчү болгону туура.

— Негизи дөңгөлөктөр канча жылга чыдайт?

— Сапатына жараша эң жакшылары беш жыл. Кытайдын дөңгөлөктөрү үч жылга жетет. А шишип кеткен учурда анын сапатына карабай башкасын тагабыз, болбосо ал жакшынакай туруп эле ара жолдо атылып кетсе жаман. 

Эскертүү: Эгер дөңгөлөккө шишик чыгып кетсе, аны калыбына келтирем деп убара болбоңуз. Жаңысын же башкасын эле такканыңыз оң. Ал шишиктер дөңгөлөктүн эскилигинен кабар берет. 

Тема боюнча

Бишкектеги көчөлөрдү кардан кантип тазалайт
Бишкекти кардан 16 техника тазалоодо
Белгилер:
уста, автомеханик, дөңгөлөк

ЭҢ МААНИЛҮҮ