Беш өрдөк: Ак үйдү шынаарлаган Үмөталиева жана тарай турган "Кыргызстан" партиясы

Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

"Кыргызстан" партиясы тарайт экен

"Де-Факто" гезити 18-декабрда чыккан санында Шаршенбек Абдыкеримов түптөгөн "Кыргызстан" партиясынын ички ыркы кетип, жакында чоң чыр чыкчудай болуп турат деп жазды.

"Шаки мырзанын партиясында жакында чоң чыр чыкчудай болуп турат шекилдүү. Тагыраагы, партиядагы барандуу мүчөлөрүнүн бир тобуна шайлоодон кийинки мандат бөлүштүрүү жараянында партиянын "атасы" катуу убадаларды берип, бирок аткарбай жаткан экен. Көңүлү кайт болгон алар партиянын ичин ыдыратып, партбоссторду "пат" абалына кептеп туруп, чыгып кетүүгө камынып калышыптыр", — деп жазат аталган гезит.

"Кыргызстан" партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү, депутат Дастан Жумабеков Sputnik агенттигине партиянын ыркы кетпей тескерисинче ынтымагы бекемделип жатканын билдирди.

"Азыр бизде сөз эркиндиги бар ага тыюу сала албайбыз. "Кыргызстан" саясый партиясы жөнүндө жазып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Тескерисинче биз партияны күчтөп, ынтымагын бекемдеп, 2016-жылы болчу жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыктарды көрүүдөбүз", — дейт депутат.

Жумабеков партиянын саясый кеңеши жана партиянын жетекчилери көптөгөн пландарды түзүп партиянын келечегине кам көрүп жатканын кошумчалады.

Ак үйдү шынаарлаган Токтайым Үмөталиева

Токтайым Үмөталиева баштаган кишилер акыйкатчылыкка ат салышып жатканын "Де-Факто" гезити 18-декабрда чыккан санында жазды. Бул орунду мелжегендердин арасында Нуркамил Мадалиев, Кайрат Осмоналиев жана Руслан Бекназаров бар экен.

"Өткөн тандоого да катышкан, негизинде өмүр бою эле акыйкатчылыкка талапкер Токтайым Үмөталиева бул жолу да талапкер болгону калганбы, ак үйдөн чыкпай калды. Аны менен кошо экс-депутат "ар намысчы" Нуркамил Мадалиев да акыйкатчылыкка таманы ысыганча жүгүрүүдө… Ошондой эле "Республика – Ата-Журт" партиясынын укук таануу боюнча илими, тажрыйбасы бар Руслан Бекназаров чыгып калышы мүмкүн деп жатышат", — деп гезит жазды.

Токтайым Үмөталиева гезиттер жазгандай Ак үйдүн жанына да бара элек экенин Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

"Гезит жазып жаткандай Ак үйдүн айланасында шынаарлап жүргөнүм жок. Жаңы эле командировкадан келдим. Бирок арызды берип койгом. Азырынча бир да партия сунуш берип чакыра элек. Кимиси чакырса барып сүйлөшкөнгө даярмын", — деди Үмөталиева.

Ал эми Руслан Бекназаров Sputnik маалымат агенттигине документтерин белгиленген мөөнөттө толук тапшырып жетишпей калгандыктан акыйкатчылыкка ат салышпай турганын кошумчалады. Бекназаров бир партия тарабынан сунуш болгонун четке каккан жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0