Ошко 89 мобилдик турак жай жеткирилип, 126 үй-бүлө жайгашты

© Фото / пресс-служба МЧС КРМобилдүү контейнерлер. Архив
Мобилдүү контейнерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зилзаладан жабыр тарткандарга атайы эсеп ачылып, жашоочулардын муктаждыктары үчүн пайдаланылууда. Мында тышкары, республиканын булуң-бурчунан гуманитардык жардам келди.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында Ош облусунда болгон жер титирөөдөн жапа чеккен тургундарга бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 89 мобилдик турак үйлөр жеткирилгенин ӨКМ билдирди.

Зилзаладан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган эсепке 24 млн. сом түштү
Маалыматка ылайык, зилзаладан аталган облустун Кара-Суу жана Алай райондорундагы тургундар жабыркап, жүздөгөн үйлөр жараксыз абалга келген. Өкмөт атайы эсеп ачып, убактылуу баш паанек үчүн 40 жана 20 тонналык контейнерлерди мобилдүү турак жай кылып жасап жабыркагандарга жеткире баштаган.

Ушу тапта 126 үй-бүлө 87 мобилдик турак жайга жайгаштырылды. 

Министрликтин айтымында, 36 эки бөлмөлүү контейнерлер жолдо келе жатканын маалымдоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0