ӨКМ: Бишкек — Ош унаа жолунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек — Ош унаа жолундагы тоннель. Архив
Бишкек — Ош унаа жолундагы тоннель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекеме муз тоңуп, жолдор тайгалак болорун, мындан улам унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы зарыл экенин эскертет.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Алдыдагы эки күн аралыгында айрым жерлерде жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлө турганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кар көчкү тоолуу райондордо, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138чи жана 198-265чи чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында түшүшү ыктымал. Мындан улам мекеме жолдорго муз тоңуп, тайгак болорун белгилейт. 

Министрлик унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарыл экенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0