Шаардагы мечит, медреселер текшерүүдөн өтүүдө

Жазылуу
Биринчи Май районунун жетекчиси мечит менен медреселерди көрүп, андагы кызматкерлер менен баарлашты.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май районунун акими Аскербек Алиев аймактагы мечит жана медресе имамдары менен жолугушуу өткөргөнүн мэрия билдирди.

Борбордук мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде эми эч ким өз алдынча мечит кура албайт
Маалыматка ылайык, жолугушууда район жетекчиси мамлекеттик органдар менен биргеликте диний экстремизмдин алдын алуу, ага каршы аракет көрүү маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун алкагында Алиев "Ассаид Марьям" мечитине барып, диний мекемелер мыйзам негизинде иш алып баруусу керектиги айтты. Мындан тышкары, диний объектилерди курууда тийиштүү архитектуралык, санитардык-гигиеналык жана башка талаптарды аткаруу зарылдыгы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0