Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Япония медициналык жабдык берет

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япониянын гранттык каражатына сатып алынган жабдуу оорулуу болуп төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүн сактоого багытталган.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Япония өкмөтүнүн программасына ылайык гранттык каражатка алынган медициналык жабдуу тапшырыла турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Түркия толук жабдылган беш "Тез жардам" машинасын Кыргызстанга берди
Маалыматка ылайык, мында жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана реанимация бөлүмдөрү үчүн инкубатор, жасалма жол менен жеп алдыруучу аппарат, реанимациялык комплекс, ачык реанимациялык система, портативдүү рентгендик аппарат, аспиратор берилмекчи. Жабдуунун жалпы суммасы 153 миң 993 долларды түздү.

21-декабрда өтө турган жабдык тапшыруу салтанатына Япония парламентинин депутаттары, аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси, ЖК депутаттары, саламаттык сактоо министри жана борбордук жетекчилиги катышмакчы.

Аталган программа Кыргызстанда 1996-жылдан бери иштеп келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0