Окуучуларга радикалдуу агымдардын азгырыктарынан сактануу боюнча айтып беришти

© Фото / пресс-служба УВД Жалал-Абад"Экстремизм деген эмне" кагазчасы. Архив
Экстремизм деген эмне кагазчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучулар жолугушууда жума намазга сабак учурунда баруу, мектепке жоолук салынып келүү боюнча суроолорду беришти.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бишкек шаарындагы мектептердин окуучуларына экстремизм, радикалдуу агымдардын азгырыктарынан сактануу боюнча түшүндүрүү иштери уланууда. Бул сапар андай иш-чара Октябрь районундагы №62 мектеп-гимназиясы жана Герман Гмайнер орто мектебинде өттү.

Бешиктен бели чыкпай жатып, Сирияга аттангандар арбууда
Шаардык мусулмандар казыятынын, ИИМ жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү радикалдуу агымдар, алардын зыяны жана кесепети туурасында окуучуларга маалыматтарды айтып, түшүндүрүштү.

Укук коргоо жана дин кызматкерлерине окуучулар жума намазга сабак учурунда баруу, мектепке жоолук салынып келүү, намаз окуунун учурлары туурасында суроолорду беришти. 

Өлкөдө учурда жаштар, мектеп окуучулары жана студенттер арасында экстремисттик, террордук маанайдагы радикалдашкан уюмдар менен агымдардын зыяны туурасында түшүндүрүү иштери массалык түрдө жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0