Мектеп окуучулары кышкы каникулда дээрлик бир ай эс алышат

Жазылуу
Билим берүү министрлиги билдиргендей, кышкы каникул 31-декабрдан 24 январга чейин созулат.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы мектеп окуучулары кышкы каникулда дээрлик бир ай эс алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы Sputnik агенттигине билдирди.

Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күзгү жана жазгы каникулдардын кыскарышы түшүндүрүлдү
Маалыматка ылайык, кышкы каникул 25 күн — 31-декабрдан 24-январга чейин созулат.

Буга чейин билим берүү министрлиги күзгү жана жазгы каникулдар кыскартылганын билдирген. Ага ылайык, күзгү каникул беш күн — 4-9-ноябрь, жазгы каникул беш күн — 17-22-март күндөрү окуучулар эс алат.

Ал эми Кыргызстандын эли 1-3-январда (жума-жекшемби), 7-10-январь (бейшемби-жекшемби) күндөрү эс алуу сунушталып жатканын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова билдирди. Ошондой эле, 4-6-январь (дүйшөмбү-шаршемби) иш күнү болот. Ал эми 8-январды 16-январга которуу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0