Бишкекке бир кит жана төрт дельфин алып келишет

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүДельфинарийдеги дельфиндер. Архив
Дельфинарийдеги дельфиндер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекке алып келине турган океан жаныбарлары менен каалагандар кошо сүзө алышат.

БИШКЕК, 14-дек — Sputnik. Мэриянын колдоосу менен борбор калаанын Байтик Баатыр проспектиси менен Түштүк магистралдын кесилишинде дельфинарий ачылат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

"Төрт дельфин менен бир кит ойногон цирк программасы 2016-жылдын май айына чейин көрсөтүлөт. Көрүүчүлөр ага суктанып гана тим болбостон, бул керемет жаныбарлар менен кошо сүзө алат", — деп айтылат маалыматта.

Билеттин баасы 300-1000 сом арасында болот. Ал эми үч жашка чейинки бөбөктөр бекер кирет.

Жазда болуучу бул циркке билеттер болжол менен 25-декабрдан тарта сатылып баштайт. Ал эми дельфинарий 29-декабрда ачылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0