11:52 27 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8443
  • EUR77.1640
  • RUB1.1301
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Ажылык – 2015 (42)
85 0 0

Каражаттар ажыга барган зыяратчылар вакцина жана ажылык кийим алууга жетишпей калгандыктан иштетилген эмес.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Ажылык сапарга Ош облусунан кошумча квота менен барган зыяратчылардын пайдаланылбай калган каражаттары кайтарылып берилип жатат. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди. 

Каражаттар ажыга барган зыяратчылар вакцина жана ажылык кийим алууга жетишпей калгандыктан улам, иштетилген эмес. 

"Ош облусунун аймагынан кошумча квотанын негизинде ажыга барган ар бир зыяратчыга 45 доллардан кайтарылып берилди", — деп билдиришти казыяттан.

Быйылкы жылы Ош облусунун аймагынан кошумча квотанын негизинде 155 жаран ажылык зыяратын аткарып келишкен.

Жалал-Абад жана Баткенден Меккеге кошумча квота менен баргандарга дагы кайтарылып баштайт. 

Меккеге барууну ниет кылгын кыргызстандык зыяратчылар үчүн кошумча дагы 500 орун берилген. 

Тема:
Ажылык – 2015 (42)

Тема боюнча

Муфтият: ажылык үчүн берилген кошумча 500 квота Ош, Жалал-Абад, Баткен облусуна бөлүнөт
Белгилер:
квота, ажылык сапар, Ош облусунун мусулмандар казыяты

ЭҢ МААНИЛҮҮ