Бишкекте биринчи жолу дельфинарий ачылат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте биринчи жолу курулуп жаткан дельфинарий.
Бишкекте биринчи жолу курулуп жаткан дельфинарий. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дельфинарий 29-декабрда ачылат. Анын өзгөчөлүктөрү тууралуу азырынча толук маалымат жок.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Бишкекте биринчи жолу дельфинарий ачыла турганын эс алуу борборлорунун биринен Sputnik агенттигине билдиришти.

"Анын ачылышы 29-декабрга пландалууда. Жетекчилер бүгүн жок болгондуктан, толук маалымат бере албайбыз", — деди эс алуу борборунун өкүлү.

Учурда дельфинарийди орнотуу иштери жүрүүдө. Ал Бишкек шаарынын Түштүк магистраль аймагында орун алат.

Дельфинарий — бул үйрөтүлгөн дельфиндердин өнөрүн көрсөтүүчү атайын жай.

Жаңылыктар түрмөгү
0