Sputnik Чыңгыз Айматовдун туулган күнүнө карата викторина өткөрөт

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүЗалкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Викторина Twitter тармагында ойнотулат. Шарт боюнча окурмандар улуу жазуучунун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу суроолорго жооп берүүсү керек.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан Эл аралык агенттиги жана радиосу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата "#AitmatovsBDay" викторинасын өткөрөт.

2018-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоо сунушталууда
Бүгүн улуу жазуучу 87 жашка чыкмак. Айтматов 2008-жылы узакка созулган оорудан кийин Германияда каза болгон.

Викторина саат 16.00дө башталат. Шарт боюнча агенттиктин Twitter тармагындагы аккаунтунан келген суроолорго @SputnikNewsKGZ дегенди кошо жазып #AitmatovsBDay хэштегин кошуп жооп берүү керек. 

Бардык аткарган катышуучуга иреттик номер берилет. Жеңүүчү кокусунан тандалган сандар аркылуу аныкталат. 

Оюндун жыйынтыгы 18.20да чыгат. Баш байге — Sputnik Кыргызстан агенттигинин логотиби жайгашкан сувенирлер.

Жаңылыктар түрмөгү
0