Түрмөдөгү кургак учук менен жабыркаган бейтаптар өзүнчө имаратта жаза өтөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековАбакта эркинен ажыратылган жаран. Архив
Абакта эркинен ажыратылган жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Молдовановка айылында курулган жаңы комплекс өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жарандар үчүн каралган. Камералар бардык тийиштүү шарт менен камсыздалганы айтылууда.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып кургак учук менен жабыркаган бейтаптар үчүн №31 түзөтүү колониясында өзүнчө имарат курулганын ЖАМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Молдовановка айылында жайгашкан 60 орундуу жаңы абак Кыргызстандагы Эл аралык Кызыл Крест комитетинин колдоосу менен курулуп, жарым жыл ичинде ишке берилди. 

2-3 адам кармала турган камералар керектүү жабдык жана тиричилик техникасы менен камсыздалган. 

Комитеттин буга чейин №50 түрмөдөн качып кармалган террорчу Эдил Абдрахмановдун жана 25 жылдык мөөнөт өтөп отурган Виталик Жедиктин операциясына жардам берери белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0