Кыргызстандык этномодельерлер Москвада мөөрөй талашып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыздын улуттук баш кийими Ак калпак. Архив
Кыргыздын улуттук баш кийими Ак калпак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Этникалык мода фестивалы ЕАЭБ өлкөлөрү менен бирге Грузия, Армения жана Монголиянын дизайнерлерин чогултту.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Москвада жума жана ишемби күндөрү III Евразиялык "Этно-Эрато" улуттук кийим модасынын сынагы өтүп жатканын шаар өкмөтүнүн маалымат борбору кабарлады.

Жыл сайын өтүүчү иш-чарага катышуу ниетин Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Монголия жана Россия аймактарынын уздары билдирген.

Былтыр конкурс өзүнүн 20 жылдыгын белгилеп, буга чейин Москва, Алматы, Минск, Майкоп, Якутияда ийгиликтүү өтүп келген. Ал эми 2012-жылдан тарта сынакка Евразиялык статусу ыйгарылган.

"Этно-Эрато" сынагы улуттук кийим багытында иштеген модельер-дизайнерлерге өз чыгармачылыгын, эмгегин көрсөтүүгө ыңгайлуу аянтча болуп берет", — дешет иш-чаранын уюштуруучулары.

Быйыл да бир катар өлкөнүн уздарынын башын бириктирген сынак коомчулукка жаңы ысымдарды тартууларына ишеним артылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0