Миң-Кушта жер титирөөдөн 10 үй жараксыз абалга келди

© Sputnik / Табылды КадырбековЖер титирөөнүн кесепети. Архив
Жер титирөөнүн кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы табигый кырсыктан жабыркагандарды убактылуу баш калкалоочу жайлар менен камсыз кылууну тапшырды.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Миң-Куш айылынын жер титирөөдөн жабыркаган тургундары тийиштүү жардам ала турганын премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн жыйынында билдирди.

ӨКМ жетекчиси Кубатбек Бороновдун маалыматы боюнча, 7-декабрында Жумгал районунда болгон зилзаладан Миң-Куш айылында 24 турак жай жабыркап, анын 10унда жашоого мүмкүн болбой калган.

Сариев аймактагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча түзүлгөн атайын штаб ыкчам иштеши керектигин белгиледи.

"Тургундарды көмүр, азык-түлүк жана убактылуу турак жай менен камсыздоону тапшырам. Каржы министрлиги акча каражатын бөлүү тууралуу сертификаттарды даярдайт. Адамдар мындай абалда өзү менен өзү болбош керек", — деди өкмөт башчы.

Буга чейин премьер-министрдин буйругу менен Миң-Кушка вице-премьер Аалы Карашев башында турган атайын комиссия барып, абал менен жеринен таанышып келген.

Мындан төрт күн мурун болгон жер титирөөнүн очогу Жумгалдын Кара-Кече аймагынан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан, магнитудалык күчү 5,3 болгон. Жердин силкинүүсү Кочкор, Ак-Талаа жана Жумгал райондорунда байкалган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0