БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Нарын шаарында диний билим берүү боюнча мугалимдер жана мектеп окуучулары үчүн семинар-тренингдер өткөрүлгөнүн Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара укуктук жана диний билим берүүнү жогорулатуу, экстремизм, терроризмди алдын алуу жана диний багыттагы ведомстволор аралык кызматташтыкты бекемдөөнү көздөйт.
Үстүбүздөгү жылдын 9-10-декабрь күндөрү өткөн иш-чарада катышуучулар терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүүдөгү ыкмалар, негизги дүйнөлүк диндер жана Кыргызстандын аймагындагы диний агымдар тууралуу маалыматтар менен тааныша алышты.
Буга чейин мындай семинар-тренингдер Бишкек, Ош шаарларында, Чуй, Талас, Ысык-Көл жана Баткен облустарында өткөрүлгөн.